Биз менен байланышыңыз

Турганбаев: Мамлекет башчыларынын алдында жүзүм жарык

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Окт 2018 | 848 | 0

Генералдарды ээрчип жүрүп көп нерсе үйрөндүк. Алар бизди аяп турушчу. Азыр күч структураларында мындай менталитет акырындап жоголуп бара жатат. Мындай пикирин мурдагы Ички иштер министри Мелис Турганбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, мурда тилектештик жакшы болсо, азыркы тапта бири-бирин сатып кетүү кадимки көрүнүшкө айланган.

Турганбаев, турмушта жакын достор саналуу гана болорун белгилейт.

«Сатып кеткендер көп болгон. Айрым достуктар кызыкчылыктардын негизинде түзүлөт. Көңүлүн оорутуп койгон адам менден кичине болсо да эбин таап, керек болсо үйүнө чейин барып кечирим сурайм. Базалык билимим экономист болгондуктан мурда бухгалтер болуп иштегем. ИИМде иштеп жатканда да финансылык маселелерди убагында чечүүгө аракет кылдык», — дейт экс-министр.

Ал артында жаман сөздөр жок болгонуна кубанарын айтып, мамлекет башчыларынын алдында жүзү жарык экенин кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM