Биз менен байланышыңыз

Көмүргө болгон суроо талап күч, кымбатташы мүмкүн

Коом | 10 Окт 2018 | 1127 | 0

7-октябрдан бери аба-ырайы туруксуз болууда. Андыктан өлкө ичиндеги отун, көмүр сатуучу базарларда соода күчөдү.

Бишкек шаарынын Озерный кыштагында жашаган Абаз Нурматов жыл сайын кыштан чыгуу үчүн 3 тоннага жакын көмүр керектейт. Быйыл эрте камылга көрүп, Дордой базарынан кара алтынды дүӊ баада алды.

-Кара кеченин, Беш сарынын көмүрлөрү жакшы экен. Мен үчүн бүгүнкү баалар арзан эле болуп жатат. Негизи өзүм жылда ушул маалда алам. Кыш келип убагы деле болуп калды.

Абаз Нурматов сыяктуу өлкөнүн булуӊ бурчундагы жашоочулар эртелеп кыш камын көрө башташты. Анткени аба ырайы 7-октябрдан бери кескин өзгөрүп, тоо этектеринде -3 градуска чейин суук болору Кыргызгидромет тарабынан кабарланууда. Андыктан аймактарда жашагандар үйлөрүнө от жага баштады.

-Мен Ноокаттан болом. Бир жылда 2,5 тонна көмүр жагам. Ошто негизи эле көмүрдүн баасы кымбат. Алайдан алынган бир тонна көмүр 6 миӊ сом турат. Кара кеченики 7 миӊ, Сүлүктүнүкү 10 миӊ сомго барат. Бизге Алай жакын, баалары да туура келет. (Ош облусунун тургуну)

-Бизде көмүр кээде арзан, күн сууктаганда кымбаттап кетет. Айла жок алышка туура келет. Эгер Кара-Кечеге кар жааса баалар кымбаттап кетет. Ошол себептен эрте сатып алып жатабыз. (Чүй облусунун тургуну)

-Мен Нарын шаарынын Иртыш аймагында турам. Бизге да көмүр келе баштады. Азыркы күндө 3 миӊден 3 жарым миӊге чейин сатылып жатыптыр. (Нарын облусунун тургуну)

-Көмүрдүн баасы көтөрүлүшү мүмкүн. Акча болуп калса, бир эле сатып алабыз, каражат жок болсо бөлүп-бөлүп алууга туура келет. Ысык-Көлдө көмүрдүн баасы 3,5- 4 миӊ сом болот. Дагы көтөрүлүүсү мүмкүн. (Ысык-Көлдүн тургуну)

Айта кетсек, көмүрдүн баасы региондордун аралыгына жараша сатылууда. Ысык-Көлдө бир тоннасы 2800 -5,5 миӊ сомго чейин болсо, Нарында 2-3 миӊге чейин, Таласта 3800-5500 миӊге чейин, Чүйдө 3700 сом, ал эми түштүк облустарда 6 миӊден 10 миӊ сомго чейинки наркты түзүүдө. Кыш мезгилинде да арзан баадан үмүт кылбаш керектигин жеке ишкер Камчыбек Данабеков билдирди.

Мен 7-8 жылдан бери көмүр алып келип сатам. Көлгө жеткен Темир жолду Кара-Кечеге да тартыш керек. Эгер ал жактан көмүр жүктөлсө баасы арзан болмок. Биз жүк ташуучу камаз менен алып келгенде, ар бир унаага тоннасына 1700 сомдон акы төлөйбүз. 15 миӊ сомго солярка куябыз. Жолдо келе жатканда, милиция, жол кыймылын көзөмөлдөөчү кызматкерлер тосот. Алар документ сурабайт, акча бересиӊ. Азыркы тапта 400-500 камаз турушат, шлагбаум ачылганда ат чапкандай эле кимдин унаасы күчтүү болсо ошол кирип кетет. Ошол жактан тааныштарга да каралат, негизги ролду  ошол жактагы «каралар»менен эл чечет.

Маалыматка ылайык, октябрь айына карата Кыргызстандын  аймактарында жалпы 630 көмүр сатуучу кампалар түзүлүп, иш алып барышууда. Ал эми бул жылга 200 миӊ тоннага жакын отун керектелсе, запаста 160 миӊ тонна бар. Андан сырткары көмүр кендеринен 1 млн тоннадан ашык көмүр казылып алынды. Эгер убакыт өтүп, жеке ишкерлер бааны таптакыр жогорулатып салса чара көрүлөрүн «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басаары Надырбек Бекжанов белгиледи.

Кар түшүп, суук боло баштагандан кийин элдин баары көмүр алабыз деп, отун базаларга барса ошол учурду күтүп алган ишкер кирешесин көбөйтүү үчүн аны жогорулатуусу мүмкүн. Бааларды көзөмөлгө алганга биздин ишкананын укугу жок. Эгер ошончолук эле кырдаал былтыркы жылга салыштырмалуу оор болуп кетсе, анда Монополияга каршы агенттиги, жеригилктүү бийликтегилер менен ортого түшүп, бааны коюп берүүгө муктаж болобуз.

Эске сала кетсек, республика боюнча туруктуу иштеген  50дөн ашык  көмүр кендери калкты камсыз кылат. Андан сырткары Казакстандан шабыркүл, кара жыра көмүрлөрү да ташылып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM