Биз менен байланышыңыз

Турганбаев: Атамбаев менен көз караштарым дал келбегени үчүн кызматтан алындым

Кыска кабар , Пикирлер | 10 Окт 2018 | 856 | 0

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев менен көз караштарым дал келбегени үчүн кызматан алындым. Мындай пикирин мурдагы Ички иштер министри Мелис Турганбаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

«Ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен көз караштарым туура эмес болуп кызматтан кеттим окшойт. Атамбаев менен урушуп, жаман-жакшы айтышпайын деп арызымды жазып, кызмат ордумду бошотуп бердим. Ал 20 күндөй ИИМде иште деген сунушун айтып жүрдү. Бирок мен баш тарттым», — дейт Турганбаев.

Ал кызматтан кеткени тууралуу маалыматты алгач журналисттерден укканын айтып, жүрөгүндө жаман нерсе калып калганын жашырган жок.

«Министр кызматтан кантип кетсе да президенттин аппарат жетекчиси же анын орун басарлары жарлыкты карматып, колун кысып койчу. Бирок мен кызматтан кеткенимди журналисттерден уккам. Бул президенттик аппаратта иштегендердин көпкөндүгү болушу мүмкүн, же ичинде жаман ойлору бар чыгар. Анткени бетке айтып, маселелерди мыйзам чегинде чечип келгенбиз», — дейт экс-министр.

Ал буга кошумча, президенттик аппараттын жетекчилери «ушул кишини кызматка кой» деп министрлердин мойнуна минип аларын белгилейт.

«Бирок биз аларды укпай татыктуу кадрлары кызматка коёт элек. Ал эми кызматтан кеткен соң Атамбаев менен жолуккан жокмун», — дейт Турганбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM