Биз менен байланышыңыз

Ак илбирстин терисин жамынып сүрөткө түшкөн жаран изделүүдө

Кыска кабар | 10 Окт 2018 | 895 | 0

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигине ак илбирстин терисин жамынып сүрөткө түшкөн кишиге чара көрүү боюнча кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Агенттик бул иш боюнча ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге расмий кат менен кайрылган. Изделген жаранга жаратылышты коргоо мыйзамын бузган аракети үчүн Кылмыш-жаза кодексинин негизинде чара каралат.

Өкмөттүн токтому боюнча ак илбирсти мыйзамсыз аткандыгы үчүн 1 млн 500 миң сом айып салынат. Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси боюнча мыйзамсыз аңчылык кылуунун оор жазасы 2 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу болуп эсептелет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM