Биз менен байланышыңыз

Мунайзатын өндүрүү тармагында өсүш болду

Кыска кабар | 10 Окт 2018 | 728 | 0

Үстүбүздөгү жылдын 9 айында 11 миллиард сомго мунайзат өндүрүшү чыгарылган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.

Быйыл өнөр жай секторунда кайра иштетилген мунайзаттын көлөмүнүн өсүү тенденциясы сакталып, 9 айда 28,7 пайызды түзгөн. Жалпысынан бүгүнкү күнгө карата өлкөдө мунайзатын өндүргөн 4 ишкана алектенет. Алар “Кыргыз петролиум компани”, Жалал-Абаддагы, Кеминдеги жана Кара-Балтадагы мунайзатты кайра иштетүүчү ишканалар.

Муну менен катар өндүрүш секторунда көрсөткүчтөрдүн өсүүсү текстиль тармагында 28 пайызга, кийим чыгарууда 21 пайызга, резина жана желим буюмдарда жана калган металл эмес минералдык өндүрүштөрдө 15 пайызга жеткен.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM