Биз менен байланышыңыз

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Казакстандагы элчиси болду

Кыска кабар | 10 Окт 2018 | 687 | 0

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын Казакстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматына дайындалды. Тийиштүү буйрукка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Буга чейин Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жээнбек Кулубаевди бул кызматка дайындоо сунушун колдогон.

Жээнбек Кулубаев 1963-жылы туулган. Жогорку билимдүү. Ал Москва аскер институтун, андан кийин Кытай Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институтун бүтүргөн.

1992-жылдан бери дипломатиялык кызматтарды аркалап келет. Бул кызматка анын талапкерлигин Тышкы иштер министрлиги сунуштаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM