Биз менен байланышыңыз

Турсунбеков: Өз позициямды карманып келем

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2018 | 676 | 0

Президенттин кемчиликтерин аны менен жолуккан соң гана айтканым туура болот. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, президенттин кемчиликтерин башкалар да айтууда. Андыктан колдон келишинче жакшы нерселдерди айтуу зарыл.

«Бийликтин партыясы өзүнүн сунушун айтышы зарыл. Мен маселелерди талкуулоо үчүн президент менен жолуга элекмин. Өлкө башчы 2040-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү сиратегиясын кабыл алды. Мындан сырткары Көчмөндөр оюндары өттү, аймактарды өнүктүрүүгө аракет жасалды», — дейт Турсунбеков.

Ал убагында бир партияда мамлекеттин маселелерин чечкенин айтып, эми бирөөнү жаман, калганын жакшы деп айтуу туура эмес болорун белгиледи.

«Президент бир жыл ичинде камаганын камап жатса аны «КСДПга берген баа» деп айтсак туура болбойт. Эл өкүлү болгондуктан прокурор же жактоочу болгонум туура эмес. Мен колдон келишинче өз көз карашым менен келе жатам», — дейт эл өкүлү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM