Биз менен байланышыңыз

Депутат: Элдин социалдык абалын ойлогон эл өкүлдөрү өтө аз

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2018 | 640 | 0

Социалдык жашоо оңдолбосо өлкө өнүкпөй кедей бойдон кала берет. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Чыныбай Турсунбеков “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Эл өкүлү акыркы убакта социалдык темага көңүл бура таштаганын айтат.

«Ачка отурган канчалаган адамдарды көрдүм. Айрым депутаттардын бир гана эртеңки күндө пайдасы тие турган иштер үчүн чуркап жүргөнүнө таң калам. Кыйналган адамдар үчүн аракет кылган депутаттар өтө аз. Элдин духун ойготуп, дайыма жаман нерсени айта бербей жакшы нерселерди колдоо зарыл«,— дейт Турсунбеков.

Ал элди эмгекке үйрөтүп, өз жашоосун оңдоп, башкаларга да жардам бергендей кырдаал түзүү керектигин баса белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM