Биз менен байланышыңыз

Чолпонбаев: Дары-дармектин баасы доллардын кунуна байланыштуу

Өкмөт каражат кетирип сатып алган жана эң керектүү дарылардын баасын көзөмөлдөө боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда бирдиктүү дары саясатынын биринчи этабы иштеп жатат. Айтылган концепцияны 5 жылда иштетсе болот.

Бул долбоорду ишке ашырууга бюджеттен 5-10 млн доллар кетери айтылган. Учурда канча акча сарпталары иликтенүүдө.

«Дары сатып алуу боюнча мыйзамсыз иштер бар экен. Бул боюнча иштер жүрүп жатат. Жеке менин фармацевтика тармагында чоң бизнесим жок«, — дейт Чолпонбаев.

Ал ошондой эле дарыларын баасы боюнча бирдиктүү база түзүлөрүн кошумчалайт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM