Биз менен байланышыңыз

8 жаштагы кыздын өлүмү боюнча медициналык текшерүү бүттү

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2018 | 736 | 0

Ысык-Көл районунун Григорьевка айылында көз жумган 8 жаштагы кыздын окуясы боюнча медициналык текшерүү аягына чыкты. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, түзүлгөн комиссия бул окуяда дарыгерлердин кемчиликтерин аныктаган.

Министр бул маселе 9-октябрда коллегияда каралып, толук жыйынтык чыкканда дагы маалымдаларын кошумчалады.

Эске салсак, 8 жаштагы кыздын колуна алгач Чолпон-Атадагы бириктирилген оорукананын дарыгерлери гипс коюшкан. Бирок 5 күндөн кийин кыздын дене табы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип баштаганда Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун дарыгерлери кыздын чирий баштаган колун кесип салууга мажбур болушкан. Анын абалы турукташканы менен 10-сентябрда кыз каза тапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM