Биз менен байланышыңыз

Султан Жумагулов дүйнөдөн кайтты

Кыска кабар | 8 Окт 2018 | 1484 | 0

Бүгүн, 8-октябрга карагана түнү Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов дүйнө салды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Жумагулов буга чейин ооруп, дарыланып жүргөнү кабарланган.

Султан Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. 1980-жылдары Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

1991-1993-жылдары «Эркин-Тоо» гезитинин башкы редакторунун орун басары;

1993-1995-жылдары «Kyrgyzstan Chronikle» гезитинде баяндамачы;

1995-2000-жылдары «Асаба» гезитинин баяндамачысы;

2000-2009-жылдары ВВС Британ радиосунун кыргыз кызматында кабарчы жана улук кабарчы болуп эмгектенген;

2009-2010-жылдары президенттин катчылыгынын аналитикалык кызматын жетектеген;

2010-2013-жылдары «Азаттык-Медиа» мекемесинин Бишкектеги кеңсесинин директору;

2013-2014-жылдары ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп иштеген;

2014-жылдын 1-августунан баштап КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу;

2014-жылдын 23-ноябрында КТРКнын башкы директорлугуна дайындалган;

2015-жылдын 6-февралында КТРКнын башкы директорлугунан бошотулган;

2017-жылдын ноябрь айынан бери Маданият, маалымат жана туризм министри болуп иштеди.

«Марал» радиосунун жамааты Султан Жумагуловдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Copyright © 2017 Maral FM