Биз менен байланышыңыз

Чолпонбаев: Анализ жасалган соң дарыгерлердин маянасын көтөрүү каралат

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Окт 2018 | 640 | 0

Айыл жергесинде саламаттыкты сактоо тармагындагы инфраструктураны жакшыртуу, ооруканаларды кесипкөй дарыгерлер жана керектүү дарылар менен камсыздоо башкы максат болуп турат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аймактарда кургак учук сыяктуу оорулардын өлүм көрсөткүчү төмөндөп жатат. Учурда оорулардын алдын алуу, анын себептери менен күрөшүү, биринчи медициналык жана санитардык жардамдардын деңгээлин жогорулатуу маселелерине артыкчылык берилүүдө.

«Жумушту баштоодон мурда саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча 2030-жылга чейинки стратегиялык планды бекитип алдык. Бул чоң иш», — дейт Чолпонбаев.

Ал буга кошумча стационардык анализ жасалган соң дарыгерлердин айлык акысын көтөрүү маселеси караларын белгиледи.

«Медайымдардын маяналарын жөн гана көтөргөн жокпуз. Оорулууларды тейлегенине жараша балл берилет. Айлык акыларын ошонун негизинде алышат. Алардын маянасын көтөрүү маселесин өкмөт менен чогуу талкууладык», — дейт министр.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM