Биз менен байланышыңыз

Ишенгүл Болжурова: Мугалимдерге совет доорунан бери үй курулган эмес

Күн чабыт | 5 Окт 2018 | 2384 | 0

Бүгүн, 5-октябрь Кыргызстанда мугалимдер күнү белгиленди. 2014-жылга чейин бул күн октябрдын биринчи жекшембисинде майрамдалып келген. Ал эми дүйнө жүзүндө болсо ЮНЕСКО жана эл аралык Эмгек уюму 1966-жылдын 5-октябрында “Мугалимдердин абалы туурасында” көрсөтмө кабыл алгандан тартып, жүздөн ашык өлкөдө белгиленип келет. Мына ушул Мугалимдер күнүнө карата уюштурулган “Жүрөгүмдү балдарга арнайм” сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Бишкек шаары боюнча эң мыкты мугалимдер, мыкты класс жетекчилери, мыкты мектептер сыйланды. Салтанаттуу иш-чарага шаар мэри катышып, мыктылардын мыктысына белектерди ыйгарды.

Бүгүнкү күндө окутуучулардын социалдык абалы, алардын эмгек акысы боюнча маселеге токтолуп, мурунку билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжуровага суроо узаттык.

Марал: Бүгүнкү күндө мугалимдердин статусу кандай? Алардын социалдык абалы боюнча кайсы көйгөйлөрдү белгилейсиз?

Ишенгүл Болжурова: Социалдык абалы боюнча бир нече көйгөйлөрдү айткым келип жатат. Биринчиден мугалимдердин маянасы өтө начар болууда. Жыл сайын мамлекет бюджеттен билим системасына 30 млрд сомго чейин каржылоо жүргүзөт. Ошонун арасында 16-17 млрд сом маянага жумшалат, калганы ысык тамак берүү, ремонт жасоо жана башка муктаждыктарга коротулат.

Президент жакында эле коррупционерлерден өндүрүлгөн акчага мектеп курууну сунуштады. Бул абдан жакшы демилге. Доктурлардын дагы маянасын көтөрүп жатат, мугалимдердин да айлыгын көтөрсөк, алардын статусу да жогорулайт эле. Менин оюмча ички булактарды карап чыгуу керек. Билим системасына бөлүнгөн 30 млрд сомду туура бөлүштүрсө балким айлыкка да көбүрөөк көлөмдө кароого жетмек.

Марал: Мугалимдердин айлыгын канча сомго чейин көтөрүүгө мүмкүнчүлүк бар деп ойлойсуз?

Ишенгүл Болжурова: Жок дегенде 20 миң сомго чейин көтөрсө мугалимдер башы көтөрүп иштеп калат эле.

Экинчиден, аларга турак-жай берүү маселеси турат. Мисалы, Бишкекте совет доорунан бери мугалимдерге бир да жолу үй курулган эмес. Айылдарда деле илгери кооперативдик үйлөрдү салып берип, социалдык жеңилдиктерди беришчү. Азыр анын баары тең алынып калган.

Дагы бир маселе бул — пенсия. Мен көп мугалимдер менен жолукканда жүрөгүм ооруйт. 30-40 жыл иштеген мугалимдердин пенсиясы 5-6 миң сом болууда, аны менен шаарда жашаганга мүмкүн эмес да. Ошондуктан алар башка кошумча иштерде иштеп, пол жууп деле жүрүшөт.

Силер билесиңерби, мугалимдер жыл сайын Социалдык фондго 3 млрд сомго чейин төлөшөт. Демек, алар дагы пенсия алгандарды колдоп жатышат, муну эл унутуп жатат. Ошондуктан мугалимдердин пенсиясын көтөрүүнү да сөзсүз караш керек. Эмне үчүн соттор же болбосо башкалар 50-60 миң сомго чейин пенсия алышат да, өмүр бою ден соолугун, өмүрүн балдардын билимине, тарбиясына арнаган окутуучулар жарыбаган тыйын алат.

Азыр жаңы кылымда өтө оор чакырыктар болуп жатат, мындай кырдаалда балдарды кандай тарбиялоо керек, цивилизациядан артта калбаш үчүн эмне кылыш керек деген маселелер турат. Мамлекет жакшы шарт түзсө мугалим дагы жоопкерчилик менен иштейт.

Марал: Жалпы республикалык тестирлөөдөн начар балл алгандардын баары педагогикалык адистиктерде окушары айтылып жүрөт. Бул маселени чечүү үчүн эмне кылыш керек?

Ишенгүл Болжурова: Мугалимдик кесиптин маянасы жогору болсо аны тандагандар да көбөйөт. Экинчиден, тилекке каршы көп жылдан бери жалпы республикалык тестирлөөдөн аз балл алгандар жок дегенде бюджетке окуп калайын деп педагогикалык адистикке окуп калып жатат. Бул өтө коркунучтуу көрүнүш, анткени орточо окуган бала орточо мугалим болуп, орто деңгээлде билим берет. Ошондуктан мугалимдердин социалдык абалын көтөрүү, алардын кабыр-баркын жогорулатуу маселеси турат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM