Биз менен байланышыңыз

Аксы районунун 90 жылдык мааракеси белгиленди

Кыска кабар | 7 Окт 2018 | 801 | 0

Жалал-Абадда Аксы районунун 90 жылдык мааракеси белгиленди. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аземге вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөттүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү К.Сатыбалдиев, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, район тургундары жана коноктор катышты.

Иш-чарада 90 жылдык маарекеге арналган сахналаштырылган көрүнүш, улуттук оюндар уюштурулуп, эстрада жылдыздарынын концерттик программасы тартууланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM