Биз менен байланышыңыз

Түштүк магистралда тротуар жана веложол куруу иштеринин 70 пайызы аяктады

Кыска кабар | 6 Окт 2018 | 788 | 0

Бишкектин Түштүк магистралында тротуар жана веложол куруу иштеринин 70 пайызы соңуна чыкты. Бул тууралуу мэриянын турак жай-коммуналдык чарба иштери боюнча адиси Жибек Каракеева өздүк баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, «Бишкекасфальтсервис» ишканасынын жумушчулары тынымсыз иштеп жатат. Курулуш иштери 1-ноябрга чейин толугу менен бүткөрүлөт.

Каракеева социалдык тармактагы баракчасына жүрүп жаткан курулуш тууралуу видео да жүктөгөн.

Маалым болгондой, Түштүк магистралдын эки тарабына тең жөө адамдар үчүн жол курулуп, Байтик баатыр көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин созулат. Жалпы узундугу 7 чакырымды түзөт.
Ага катарлаш магистралга велосипед тебүүгө ылайыкталган жол ачылат. Эки чети жарыктандырылып, 200 отургуч жана 400 даана таштанды челек коюлат. Мындан сырткары, Ала-арча дарыясынын үстүнө жөө адамдар өтүүчү эки көпүрө курулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM