Биз менен байланышыңыз

Бишкекте мугалимдер үчүн инновациялык технологиялар борбору ачылды

Кыска кабар | 6 Окт 2018 | 626 | 0

Бишкек шаарында мугалимдердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында инновациялык технологиялар борбору ачылды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мугалимдер дүйнө жүзү боюнча 20 өлкөдө ийгиликтүү колдонулуп жаткан жаңы ыкмалардын негизинде окутулат.

Окутуучуларга кыргыз, орус жана англис тилдеринде курстар сунушталууда.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 80 миңдин тегерегинде мугалим эмгектенет. Ошондой эле 4 миңге жакын билим берүү мекемелери бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM