Биз менен байланышыңыз

Жаманкулов: Ар бир облуста туристтерди тейлөөнүн түйүндөрү өнүгөт

Кыска кабар | 6 Окт 2018 | 586 | 0

2018-2022-жылдарга Туризмди өнүктүрүү программасынын негизги милдети Кыргызстанды аймактагы туризм үчүн алдыңкы 10 мамлекеттин катарына кошуу жана туристтик агымды ар жыл сайын 10% га жогорулатуу болуп саналат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов өкмөт башчы өткөргөн кеңешмеде билдирди.

Анын айтымында, саякатчыларды тартуу боюнча иштер активдештирилет. Анын катарына Казакстан, Өзбекстан, Россия, Тажикстан, Түркия, Кытай, Индия, АКШ, Түштүк Корея, Германия сыяктуу 10 өлкө кирет.

Мындан сырткары, маалыматтык ишке өзгөчө көңүл бурулат.

«Республикада ар бир облуста туристтерди тейлөөнүн түйүндөр тармагы өнүктүрүлөт. Коомдук тамактануу обьектилерин, тоо лыжа туризмин, жеке ташуу тейлөөсүн, мейманканаларды, эс алуу үйлөрүн класификациялоо  үчүн тийиштүү стандарттарды, ошондой эле туристтик операторлордун жана агенттиктердин реестрин иштеп чыгуудабыз», – дейт  Жаманкулов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM