Биз менен байланышыңыз

2018-2022-жылдарга туризмди өнүктүрүү программасы сунушталды

Кыска кабар | 6 Окт 2018 | 680 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өткөргөн кеңешменин жүрүшүндө өлкөдө 2018-2022-жылдарга туризмди өнүктүрүү программасы сунушталды.

Өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдиргендей, премьер-министр өкмөт алдында туристтик тармакты өнүктүрүү боюнча чараларды ишке ашырууда маанилүү милдеттер турарын белгилеген.

«Республикада туризмдин өнүгүүсүнүн оңдуу динамикасы байкалууда. Эгерде 2012-жылы биздин өлкөгө болжол менен 3 млн чет элдик жаран келсе, 2017-жылы бул көрсөткүч 4,5 млн адамды түзгөн. Ички дүң продуктунун түзүмүндөгү туризмдин үлүшү 4-5% түзөт. Өнүккөн өлкөлөрдө бул көрсөткүч 20% жакын. Биздин милдет – ИДП туризм үлүшүн 2022-жылга карата 10%га жеткирүү», – дейт Абылгазиев.

Анын айтымында, коюлган милдетти ишке ашыруу үчүн туризмди комплекстүү өнүктүрүү жана тийиштүү инфраструктураны түзүү боюнча макулдашылган саясатты жүргүзүү жаатында өз алдынча органды түзүү зарыл.

«Бул орган маркетингдик алга жылдырууну ишке ашырат жана туристтик объектилерди натыйжалуу башкарууну камсыздайт. Буга катар туризмди өнүктүрүү аймактардын, айыл чарбанын өнүгүүсүн жана жаңы жумушчу орундарынын түзүлүүсүн шарттайт», – дейт Абылгазиев.

Премьер-министр белгилегендей, аталган орган бизнес үчүн өнөктөш болуп, натыйжалуу туристтик демилгелерге колдоо көрсөтүшү кажет.

Өкмөт башчы кеңешменин жыйынтыгында туризмди өнүктүрүү программасын толуктап иштеп чыгууну, туристтик тармакты илгерилетүү боюнча мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функциясын тактап-аныктап көрсөтүүнү тапшырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM