Биз менен байланышыңыз

Барбара Келлнер-Хейнкеле Жээнбековго ыраазычылык кат жолдоду

Кыска кабар | 6 Окт 2018 | 863 | 0

Туруктуу Эл аралык Алтай Конференциясынын (PIAC) Башкы катчысы, профессор Барбара Келлнер-Хейнкеле президент Сооронбай Жээнбековго III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча ыраазычылык кат жолдоду.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, Барбара Келлнер-Хейнкеле ыраазычылык катында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөлүк деңгээлдеги зор маанилүү жана терең маңыздагы окуя болгонун айткан.

«Менин кесиптештеримдин эч кимиси мындай кызыктуу жана кереметтүү ачылыш аземин көргөн эмес. Өзгөчө сыймык менен көрсөтүлгөн Кырчын жайлоосундагы үрп-адаттарды биз эч качан унутпайбыз. Мындай маанилүү иш-чарага катышууга мүмкүнчүлүк түзүп бергениңиздерге ыраазычылык билдиребиз», — деп белгиленет Келлнер-Хейнкеленин катында.

Ал мындан сырткары, оюндардын алдында Мамлекеттик башкаруу академиясы көрсөткөн меймандостук Туруктуу Эл аралык Алтай Конференциясынын (PIAC) 61-жыйынын ийгиликтүү өткөргөнгө жана илимий тажрыйба менен алмашууга жакшы шарттарды түзүп бергенине токтолгон.

«Биринчи күндөн тартып көрсөтүлгөн чыныгы меймандостук катышкан эл аралык окумуштууларды таң калтыргандыгы тууралуу PIАСтын Башкы катчы катары белгилеп кетким келет. Бизге көңүл буруп, конференциянын ишине катышып бергениңиз — биз үчүн чоң таасир калтырды. Баардык катышуучулардын атынан кыргыздардын чыныгы меймандостугун, кайрымдуулугун жана марттыгын көрсөткөндүгүңүз үчүн чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз», — деп жазылат катта.

Башкы катчысы буга кошумча, президентке жана анын командасына жакшы тилектерин, ал эми кыргыз элине гүлдөп-өнүгүү каалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM