Биз менен байланышыңыз

Өкмөт өкүлдөрүнүн жүрүм-турумуна карата дагы бир сын айтылды

Коом | 5 Окт 2018 | 931 | 0

Парламентте өкмөт мүчөлөрүнө карата дагы бир ирет сын айтылды. Депутат Тынчтык Шайназаров өкмөт мүчөлөрү аймактарга барганда атайын автоунаа жалдатып, өздөрүн тостуруп алуу менен алек деп катуу сынга алды. Аймактарды өнүктүрүү менен эмес, аэропорттон тосуп алуу үчүн кымбат баалуу автоунаа жалдатып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн карызга батырып жатат деп айыптады.

Жакында эле Жогорку Кеңештин депутаты Тынчтык Шайназаров өкмөт өкүлдөрү аймактарга барганда жалданган автоунаалар менен жүрүп, ресторандарда тамактанып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн карызга батырып жүрөт деп сынга алды.

Өкмөттөн Ошко учкан чоңдорду ошо чоңдордун талабы менен жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жиптер менен тосуп алышат экен. Алар андай машиналары жок ЗАГСтын алдынан атайын жол тандабастарды жалдап алып, кымбат ресторандарга алып барып тамак беришет. Алар Жигули, Волгага түшүшпөйт экен. Анан ал карыздарын чоңдор кеткенден кийин айлыктан төлөп кутулушат.

Буга чейин эле депутат Искендер Матраимов да өкмөт өкүлдөрү мектеп, бала бакча ачуу салтанаттуу иш-чаралар менен гана убара болуп, кылган иши көрүнбөй жатканын сындаган.

-Бул өкмөт мектептердин ачылышына катышуу менен гана убара болуп калды. Аймактарга барып чай ичип эле жүрүшөт. Биз көрүп эле жүрөбүз.

Мындан улам биз коомчулукка да суроо узаттык. Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү тилекке каршы мындай адат коомдун түшүнүгүндө сиңип, калыптанып калган дешет. Айрымдар буга жергиликтүү бийлик өкулдөрү өздөрү күнөөлүү десе, айрымдары ушундай абалга алып барган бийлик өкүлдөрүнүн мамилеси экенин айтышты.

Ошондой мамиле жасоого жергиликтүү бийлик өздөрү күнөөлүү.

-Чоңдорду антип тосуу биздин каныбызга сиңип калган.

-Мындай бийлик өкүлдөрүн жумуштан бошотуш керек.

Мурдагы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев болсо өкмөт өкүлдөрүнө карата мындай маанидеги сын көп жылдан бери алгачкы ирет айтылып жатканын айтат. Мындай кырдаалда ар бир адамга жараша деген мурдагы вице-премьер-министр өзүнүн тажрыйбасында да ушундай кырдаалга туш болгонун айтат.

Мен да бир ирет Ошко бардым. Мага милицияны коштотуп коюшуптур. Мен анан алдырып салгам. Көрсө мага чейин келген дагы бир өкмөт өкүлү милиция коштоп журбөгөнү үчүн көйгөй жараткан экен. Ошого жараша жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аша чабышкан экен.

Эске салсак, эл өкүлү Тынчтык Шайназаров акыркы учурда өкмөт өкүлдөрү өзун алып жүрүү этикасына көңүл бурбай жатканын айтып, аймактарга баргандары жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн карызга батырып жатканын айтып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM