Биз менен байланышыңыз

Криштиану Роналду өзүнө тагылган күнөөлөрдү четке какты

Дүйнө , Спорт | 5 Окт 2018 | 1381 | 0

Футбол жылдызы Роналду өзүнө тагылып жаткан зордуктоо боюнча күнөөнү четке какты.

Америкада катардагы мугалим Кетрин Майорга демилгелеген “Mee too” акциясынын алкагында америкалык аялдар өздөрү дуушар болгон жыныстык зомбулуктарын жарыялап чыгышкан. Алардан бирөө ушундай эле зомбулукту португалиялык футболчудан көргөнүн социалдык желеге билдирген.

Бул айыптоо боюнча Лас Вегас соту кылмыш ишин ачып, иликтөө жүргүзүүдө.

Футболчунун өзү бул тууралуу: “Бул менин ишенимиме каршы келген эң жийиркеничтүү иш. Мен мындайга эч качан барбаймын! Менин атым менен өздөрүн жарнамалагысы келгендерге да мүмкүнчүлүк бербеймин!”,-деп кесе айтты.

Атактуу футболчу менен жарнамалык иштерде 1 милиард долларлык келишим түзгөн америкалык NIKE, EA Sports компаниялары бул окуяга назар салып, кайгырып турганын билдиришкен. Ал эми Роналду ойногон “Ювентус” клубу оюнчусуна колдоо билдирип, анын акыркы айларда көрсөткөн профессионал оюндары үчүн макташууда.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM