Биз менен байланышыңыз

Индонезиядагы апаат: бир аптадан кийинки абал

Дүйнө | 5 Окт 2018 | 1565 | 0

Индонезиянын Сулавеси аралында катталган жер титирөө менен цунамиден бери бир жума өттү. Каргашанын жыйынтыгы сүрөттөрдө.

 

Кубаты 7.5 баллга жеткен жер титирөө жана бийиктиги 6 метрге чейин жеткен цунамиден кийинки Палу шаары.

Жаратылыш кырсыгынан эң көп жабыркаган калктуу аймак Палу шаары. Алгач жер силкинип шаарды кулатса, артынан келген цунами биротоло аралаштырып, шаарды баткакка айлантып салды. Кийин жарым саат бою жер титиреп турду.

Курман болгондордун саны 1600гө чамалады. Бул көрсөткүч дагы өсүүсү күтүлүүдө. Кырсыктын алгачкы сааттарында курмандыктар 1000ге жетет деп божомолдонгон.

66 000 ден ашуун үй-жай жараксыз абалга келди.

Урандыларды издөө иштери уланууда. Тирүү чыккандардын саны 30дан ашпайт. Көпчүлугүнүн сөөгүн алып чыгышууда.

Урандыларды казууда оор техниканын жардамы керек. Ондогон эл аралык уюмдардын ыктыярчы топтору да издөө иштерин алып барышууда.

Оор жаракат алгандар 1000ден ашуун. Жергиликтүү оорукана иштен чыккандыктан эң жакынкы аймактык ооруканаларга алып барышууда.

Аскерлер жардам учактарынан келген жардамдарды калкка бөлүштүрүүдө. 300 000 кишилик шаарды азык-түлук жана жылуулук менен камсыз кылуу үчүн Индонезия бийлиги болгон күчүн жумшап, эл аралык коомчулуктун жардамын сурады.

Тургундар бензин сатып алуу үчүн кезек күтүүдө. Шаар менен бирге базар, дүкөндөр да кыйраган. Негизги муктаждыктар сырттан гумжардам менен келүүдө.

Палу шаарындагы Понулеле көпүрөсү кыйрап, эки жээктин каттамы үзүлдү.

Үй-жайсыз калгандар үчүн атайын лагерде алачыктар тигилип, тамак-аш менен камсыздоодо.

Курман болгондорду бир-бирден көмүү мүмкүн болгон жок. топ-тобу менен жерге берип, жаназа намаздарын чогуу окушту.

Copyright © 2017 Maral FM