Биз менен байланышыңыз

Президент: Мугалим – тарбиянын башаты

Кыска кабар | 5 Окт 2018 | 1165 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Анда мамлекет башчы мугалимдерге таазим этип, алар тарбиянын башаты экенин белгиледи. Билим берүү тармагы мамлекеттик саясатта артыкчылыктуу багыт экенин айтты.

“Өлкөбүздө мугалимдин эмгегин татыктуу баалап алууга аракеттер тынымсыз жүрүп келет. Мугалимдердин коомдук кадыр-баркын, статусун бекемдөө менен гана билимдин сапатына жетишебиз. Урматтуу мугалимдер, мындан ары да сиздер эгемендүү Кыргызстандын татыктуу жарандарын калыптандырууга өз салымыңыздарды кошо бересиздер деп ишенем»,-деп президент өз куттуктоосунда белгиледи.

 Эске сала кетсек, Кыргызстанда Мугалимдер күнү жыл сайын 5-октябрда белгиленет. Бул тууралуу токтомго 2014-жылы кол коюлган. Билим берүү жана илим министринин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 79 миңдин тегерегинде мугалим иштейт. Алардын квалификациясын жогорулатууга республикалык бюджеттен 22 млн сом бөлүнөт.

Copyright © 2017 Maral FM