Биз менен байланышыңыз

Орусиялык хакерлер ФИФАга киберчабуул коюшту

Дүйнө | 5 Окт 2018 | 798 | 0

4-октябрь күнү АКШ, Англия, Нидерланды жана Швеция сыяктуу бир катар мамлекеттер орус чалгын кызматынын хакердик иштерин ачыкка чыгарышты. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазып чыкты.

Өлкөлөр киберчабуулдарды жасаган деп Орусиянын Борбордук чалгын кызматынын жети кызматкеринин атын аташкан. Хакерлер дүйнөлүк футбол федерациясы ФИФАга, бүткүл дүйнөлүк допингке каршы ассоциациясы ВАДАга жана башка бир катар лабораторияларга чабуул жасап, материалдарды бузушкан.

Тараптар муну өткөн жылдагы орус спортчуларынын допинг маселеси боюнча дүйнөлүк олимпиадага катышпай калганынын жана ууланган тыңчы Сергей Скрипалдын ишинин өчүн алуу үчүн кылынды дешүүдө. Себеби аталган эки чууда белгисиз заттарды изилдөө  ВАДАнын Швециядагы лабораториясында жүргүзулгөн болчу.

Вашингтон айыпталып жаткандардын экөөсү 2016-жылкы Америкадагы шайлоого хакердик кийлигишүүлөргө баргандар экенин айтууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM