Биз менен байланышыңыз

Талап кылынган адистиктерде таңкыстык күч

Билим-маданият | 4 Окт 2018 | 1597 | 0

Бишкек шаарында өткөн техникалык окуу семинарында Кыргызстандын эмгек рыногундагы суроо-талап жана ага жараша даярдалып жаткан кадрлар тууралуу маселе көтөрүлдү. Эл аралык эмгек уюму менен Орусия биргеликте жүргүзгөн изилдөөдө Кыргызстандын жогорку окуу жайлары жана кесиптик техникалык лицейлерb рыноктун талабына жараша адистерди даярдабай турганы айтылды. Алдыңкы жылдарда муктаждык боло турган кесиптер тууралуу анализдин жоктугу, абитуриенттердин статусу жогору кесиптерди тандоосуна жол ачууда. Натыйжада, өлкөдө жумушсуздуктун көрсөткүчү өсүп, чет өлкөгө миграциялык агым менен кеткендендин саны жогорулап жатат. Бул тууралуу долбоордун жетектөөчү консультанты Владимир Гаськов төмөнкүлөргө токтолду.

Эң маанилүүсү, эмгек рыногунда жакынкы арада суроо-талап жогору боло турган кесиптерди алдын ала билүү. Ошол эле кезде рыноктон чыга тургандарды дагы. Анткени убакыттын өтүшү менен айрым адистерге жумуш орундарын кыскартуу керек болууда. Ошондуктан жогорку окуу жайлар рыноктогу реалдуу абалга жараша кадрларды даярдоого өтүшү керек. Бул Кыргызстан жана Тажикстан үчүн өтө маанилүү. Анткени четте мигрант болуп чыккандардын дээрлик баардыгы жогорку билимге ээ.

Ал үчүн өзгөртүүнү биринчи кезекте  кадрларды  даярдоо  методикасынан баштоо керек. Заман талабына ылайык өзгөртүү варианттарын жогорку окуу жайлар жана колледжер иштеп чыгуусу зарыл. Мындай оюн кесиптик кадрларды даярдоо боюнча стратегиялык долбоордун улуттук координатору Лилия Качкинбаева билдирет. Анын кабарлашынча, Кыргызстандын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тараптан иштелип чыккан методика рыноктон ордун жоготту.

Натыйжа бере турган сунуштарга муктаждык бар. Ал бардык деңгээлде болуусу керек. Кесиптик лицей же колледж өз аймагында же районунда жекече аныктап алгыдай болушу керек. Тактап айтканда, кайсы адистик боюнча канча адис даярдалышы керек? План иштелип чыкканы жакшы. Азыркы күндө жогорку окуу жайларга студенттер же кесиптик лицейлерге окуучулар салтка айланган ыкма менен эле кабыл алынууда.

Билим берүү  жана илим министрлигинин маалыматында Кыргызстанда жылына 50 миңдин тегерегинде студенттер жогорку окуу жайларды аяктайт. Былтыркы окуу жылында алардын саны 52 миң 800 көрсөттү. Бүтүрүүчүлөрдүн басымдуу бөлүгү экономист же юрист эмес, маалыматтык технология, энергетика жана педагогдук кесипти окушканын министрликтин кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Махабат Мамытова кабарлады. Бул көрсөткүч жогорку окуу жайларда өткөрүлүп жаткан ачык эшиктердин натыйжасында жетишилди деди.

Биз ар жыл сайын жумушка орношуу боюнча анкеталарды жүргүзөбүз.  Жогорку окуу жайдын бүтүргөндөрдүн канча пайызы жумушка орношуп жатат? Ошонун ичинде бюджеттик негизде бүткөндөр канча? Ушул суроолорго Эмгек жана социалдык өнүгүү минитсрлиги менен биргеликте атайын иш-чараларды өткөрөбүз. Анын негизинде бизге ар кандай билдирүүлөр түшөт. Мисалы, 2018-жылга компьютердик технология багытына 376 орундарга талап болсо,  жумуш берүүчүлөрдөн 1074 билдирүү келип түштү. Энергетика тармагында 128 кадр талап кылынса, жумуш берүүчүлөрдөн сунуштун саны-498.   

Ошону менен бирге министрлик жогорку окуу жайды аяктагандардын дээрлик 78 пайызы жумуш менен камсыз болуп жатат деп ишендирүүдө.

Ал эми эл аралык уюмдардын изилдөөсүндө, жумуш орундарын тапкан жогорку билимдүү жаштардын көрсөткүчү   50 пайызга  жетпейт.

 

 

 

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM