Биз менен байланышыңыз

Ново-Покровка айыл өкмөт башчысына иш козголду

Кыска кабар | 4 Окт 2018 | 874 | 0

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата райондук прокуратурасы Ново-Покровка айыл өкмөт башчысына жана башка кызмат адамдарына карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Айыл өкмөт башчы кызмат абалынан пайдаланып, жер маселелери боюнча башкы адиске жана жооптуу катчыга Сары-Жон айылынын тургунунун жер берүү тууралуу арызын карап бергиле деп тапшырган. Комиссиянын чечими менен айыл өкмөт башчысы жеке менчик жерден 5 сотых жер аянтын бөлүп берген.

Бул фактынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Жер мыйзамынын бузулушу» беренелери менен иш ачылды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM