Биз менен байланышыңыз

Өмүркулов ЕККУ ПАнын отурумунда чек ара маселесин көтөрдү

Кыска кабар | 4 Окт 2018 | 684 | 0

Депутат Иса Өмүркулов Бишкекте өтүп жаткан ЕККУ ПАнын отурумунда коопсуздук жана чек ара кызматташтыгын камсыз кылуу маселелесин көтөрдү.

Анын пикиринде, чек арада ар кандай чыр-чатак чыкпашы үчүн жергиликтүү бийлик органдары комплекстүү иш алып барышы керек. Ошондой эле чек арага жакын жашаган элге чек ара режими, аны кесип өтүүдөгү эрежелерди сактоо, конфликт учурунда укуктук билим берүү зарылдыгын айтты.

Мындан тышкары, саясий ишенимди бекемдөө, ЕККУга мүчө мамлекеттеги элдердин жашоосун жогорулатуу, социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү комплекстүү чечүү — экстремисттик идеялардын жайылышына жана туруксуздуктун жергиликтүү очокторунун жанданышына жол бербөөгө жакшы шарт болуп берерин кошумчалады.

Эске салсак, 3-6-октябрь күндөрү Бишкекте Европадагы Коопсуздук жана Кызматтыштык уюмунун парламенттик ассамблеясынын отуруму өтүүдө. Ага 46 өлкөдөн 150дөн ашуун парламентарий катышууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM