Биз менен байланышыңыз

Депутат кытай туристтерди визасыз киргизүүнү сунуштады

Кыска кабар | 4 Окт 2018 | 769 | 0

Туристтердин 30 пайызын кытайлар түзөт, алардын Кыргызстанга визасыз режим менен кирүүсүн камсыз кылуу керек. Мындай пикирин депутат Махабат Мавлянова парламент жыйынында айтты.

Бирок эл өкүлү кытай туристтеринин кайрадан өлкөсүнө кайтып кетүүсүн камсыздап, бул үчүн механизмдерди иштеп чыгууну сунуштайт.

Кыргызстанда туризмдин потенциалы күчтүү, бирок биз анын он пайызын да колдонбойбуз. Орусия менен Казакстан 15 жылдан бери визасыз режим менен иштейт. Анда 40тай турист келсе, туркомпаниялар аларды өлкөнү кыдыртып, кайра чыгып кетишин камсыз кылат. Кытай биздин жаныбызда. Эмнеге мындай мүмкүнчүлүктү колдонбойбуз?”- дейт Мавлянова.

Депутат жылына 5-6 млн кытай туристи келсе, алардан салык түшөөрүн, тейлөө тармагында жумуш орундары түзүлөрүн айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM