Биз менен байланышыңыз

Жамгырчиев: Эми фирма ачуунун шарттары өзгөрөт

Кыска кабар | 4 Окт 2018 | 877 | 0

Эми мурдагыдай бир күндүк фирма ачууга мүмүнчүлүк берилбейт. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, фирма ачуунун шарттары татаалдаштырылыт. Ал токтом менен бекитилет. Фирма ачуучу адам соттолбогон болушу керек.

«Фирмалар Юстиция министрлиги тарабынан ачылат. Биз аталган мекемеге фирмаларды далилдерге карап ачуу боюнча сунуш бергенбиз. Ошондой эле өкмөткө патент алууну жокко чыгаруу сунушун жибергенбиз», — дейт Жамгырчиев.

Ал учурда ар бир ишкер боюнча өзүнчө анализ жүргүзүлүп, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган кызматкерлеге жана мугалимдерге коррупциялык аракеттери боюнча кылмыш иштери козголуп жатканын айтты.

Жамгырчиев буга кошумча Экология жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядагы коррупция боюнча да маалымат берди.

«Бир ай мурда топ түзүлүп, мамэкотехинспекция текшерүүгө алган. Кечээ жыйынтык чыкты. Анын негизинде мекемени текшерүү боюнча Эсептөө палатасына токтом чыгарып беребиз. Азырынча токтом чыга элек», — деди.

Айта кетсек, мамэкотехинспекциянын мурунку маалымат катчысы Анара Мамбеталиева мекемеде бир топ коррупциялык жагдайлар бар экендигин айтып чыккан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM