Биз менен байланышыңыз

Жамгырчиев: 9 айда 1229 экономикалык укук бузуу фактысы катталган

Кыска кабар , Пикирлер | 4 Окт 2018 | 891 | 0

Акыркы 9 айда Экономикалык кылмыштарга күрөшүү кызматы аркылуу бирдиктүү депозиттик эсепке 172 млн 659 миң сом которулган. Бул тууралуу аталган мекеменин төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Маалыматка ылайык, 9 айда 1229 экономикалык укук бузуу фактысы катталып, мамлекетке  4 млрд 762 млн сом зыян келтирилген. Аталган сумманын 59% өлкө казынасына кайтарылган. Бул көрсөткүч мурдагы жылга салыштырмалуу 20 пайызга көп.

«Анын себеби экономикалык кылмыштуулуктун бары бизге өткөрүлүп берилген. Мындан сырткары, кесипкөй адистерди кызматка алуудабыз. Кадрлар окутулуп жатат. Ал үчүн атайын бөлүм ачылды. Колубуздан келишинче ишкерлерди колдоо максатында иш-чараларды жүргүзүп жатабыз. Айына бир жолу ишкерлер менен чогулуп, көйгөйлөрү тууралуу маектешип чечим кабыл алабыз», — дейт Жамгырчиев.

Ал белгилегендей, жыл башынан бери коррупциялык көрүнүштөр боюнча 272 кылмыш иши козголуп, бюджетке 51 млн сом кайтарылган.

«Биздин кызмат Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган. 2018-жылдын февраль айында сот, көзөмөл жана укук коргоо органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө чечимин ишке ашырып келебиз. Ал укуктук система коомдун жана мамлекеттик, анын ичинде бизнестин коопсуздугун камсыздап, тийиштүү түрдө иштөөгө багытталган», — дейт Жамгырчиев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM