Биз менен байланышыңыз

Президент ЕККУ ПА жыйынында соттук реформа тууралуу айтты

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 775 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 3-октябрда, «Ала-Арча» мамлекеттик  резиденциясында Европа Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясынын ачылыш аземине катышып, сөз сүйлөдү.

Анда ал мындай деңгээлдеги иш-чараны өткөрүү Кыргызстан үчүн чоң сыймык экендигин билдирди.

Ошондой эле, Кыргызстандагы соттук, шайлоо жана укуктук системаларда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу маалымат берди.

2017-жылы Кыргызстанда бийликтин тынч жол менен өтүшү– өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагыири кадам болуп калды. Азыркы кезде Кыргызстанда саясий жана социалдык туруктуулук бекем түптөлүп, парламенттик демократия ɵнүгүп жатат. Коррупция менен күрɵшүү улантылууда. Өлкөдө орто мөөнөттүү саясий реформалар, анын ичинде сот системасында жана мамлекеттин күч структураларында олуттуу реформа жүргүзүлүүдө.

Узак мөөнөттүү социалдык-экономикалык ɵнүгүү максатында 2040-жылга чейинки Кыргызстандын Улуттук ɵнүгүү стратегиясы иштелип чыкты. Бул стратегиянын жолу менен биз азыркы кездин чакырыктарын татыктуу жеңе алабыз.

Жээнбеков мындан тышкары, терроризм, экстремизм жана баңгизат каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту бузуп, бүтүндөй региондорду туруксуз абалга кептеп жатканын айтты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM