Биз менен байланышыңыз

«Евразия жумалыгы» эл аралык форумунун программасы бекитилди

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 753 | 0

«Евразия жумалыгы» эл аралык форумунун программасынын түзүмү бекитилди. Жумалык стратегиялык, тармактык жана бизнес-трек багыты боюнча жүргүзүлөт.

Стратегиялык багыты ишкерлердин улуттук деңгээлдеги регуляторлор менен түз диалогу үчүн шарттарды түзүүгө багытталган. Андагы жыйындар өнөр жай кооперациясына арналат.

Мындан тышкары, стратегиялык багыт Биримдик аймагындагы атаандаштык, ЕАЭБ келечеги, бизнес-диалог, криптовалюта жана санариптик экономиканын башка атрибуттарынын келечеги жөнүндө дебаттарды камтыйт.

Мындан тышкары, маалыматтык технологиялар жана так инженерия, айыл чарба, жеңил өнөр жайы тармагындагы, фармацевтикалык товарлар жана медициналык буюмдар рыногундагы, зергер жана жарык техникалык тармактардагы, ошондой эле акылдуу шаарларды түзүүдөгү экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө жана кооперацияны өнүктүрүүгө арналган сессиялар жана дискуссиялар каралган.

форум 2016-жылдын октябрь айында Москва эл аралык «Ачык инновациялар» форумунун аянтчасында орун алган. Экинчи форум 2017-жылдын август айында Астанадагы ЭКСПО аянтында өткөн. Бул окуя жылына ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдөн жана үчүнчү мамлекеттерден 2 миңден ашуун катышуучуларды бириктирет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM