Биз менен байланышыңыз

Чубак ажы материалдык байлыгы тууралуу айтты

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Окт 2018 | 2843 | 0

«Мен инсанмын, адашып калышым мүмкүн. Мусулманмын, бирок Ислам дини эмесмин. Андыктан эл менден эмес Пайгамбарыбыздан үлгү алышсын.» Мындай пикирин мурдагы муфтий, дин аалымы Чубак ажы Жалилов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Чубак ажы Жалилов китеп окуу өзүнө ары милдет, ары хобби катары калыптанып калганын айтат.

Ал диний маселелерден сырткары дүйнөлүк адабияттарды,  «Манас» эпосун окуп, салттар менен диндин айкалышын тереңдетип үйрөнүүгө аракет жасай турганын белгиледи.

«Мен күнүнө 500 бетке чейин китеп окуйм. Калп айтпайм. Каалоочулар ушул сапаттарымдан үлгү алышсын. Мен да кадимкидей футбол ойнойм, ат мингени барам. Көк-Жарда үйүм бар. Аны да ыраматылык Мухтар Өмүракунов деген мырза оңдоп берген. Муфтий болуп турганда үй-бүлөм менен ооруп, бейтапканага жатып калдык. Ошондо Мухтар мырза эки ондоп берейин деп жүрдү. Айдап жүргөн унаамды белекке беришкен. Эски автоунаамды сатып, акча кошуп азыркы унааны алганмын. Мындан башка материалдык байлыгыбыз жок»,- дейт Жалилов.

Ал дин аалымдарынан да чоң ишкер чыгарын белгилеп, Ислам университетинин ректору Абдышүкүр ажы Нарматов, Кыргызстандын муфтийи Максат ажы Токтомушев ишкердик менен алектенерин айтып өттү.

«Менден ишкер чыкчудай эмес. Балким мугалим үй-бүлөдө тарбияланып калгандыктан же өзүмдүн жөндөмүм жоктугунан болушу мүмкүн. Мен журналист болсом кызыктуу болсо керек. Балдарымдан мен жазган китептерди улантып жазган бирөө болсо жакшы болмок. Бирок аларды мажбурлабайм деп ойлойм», — дейт экс-муфтий.

Айта кетсек, Чубак ажы Жалилов Ислам университетинде сабак берет. Мындан сырткары башка бир канча журналдарда редактор болуп иштейт. Ал 3 уул, 2 кыздын атасы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM