Биз менен байланышыңыз

Жалилов: Менин окуямдан улам экинчи никесин ачыкка чыгаргандар көбөйдү

Кыска кабар , Пикирлер | 3 Окт 2018 | 2275 | 0

«Эки нике кыргыздын салтында бар көрүнүш. Менин окуямдан улам экинчи никесин ачыкка чыгаргандар көбөйдү.» Мындай пикирин мурдагы муфтий, дин аалымы Чубак ажы Жалилов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Азыр Кудайга шүгүр жакшы жашап жатам. Менден суралган үчүн гана экинчи никем тууралуу ачыгын айттым. Калп айтууну жактырбайм. Исламга көө жапкысы келгендер каралоого аракет кылышты. Таарынычымды да, капачылыгымды да ачык айттым. Бирок менин окуямдан кийин мага үй-бүлө тууралуу суроо бергендер көбөйдү. Ар бир угармандын суроосун урматтайм, алар өзүнчө гениалдуу», — дейт Жалилов.

Чубак ажы буга кошумча, «Жанар мага жаназа окубасын» деп айтканы боюнча да маалымат берди.

«Депутат Жанар Акаев мага жаназа окубасын» дегеним таарынуу катарында эле айтылган сөз. Анын сол колун көтөрүп, каткырып күлгөнү адепсиздик болгон. Жанарды жаштык кылып койду деп көп кийлигишкен эмесмин. Мен өзүм каалап, Жанардын жанына  барып отурбайт элем. Улан Эгизбаевдин батасында отургузушту», — дейт Жалилов.

Ал саясатта жүрбөгөн адамдар оюн жеткирүүнүн формасын туура тандай албай калышы мүмкүн экенин эскертип, эл өкүлдөрү көзөмөл жок болсо каалагандай иштешерин белгиледи.

Эске салсак,  2017-жылдын 7-июнунда парламентте комитеттин жыйынында жума намаз үчүн түшкү тыныгууну узартуу боюнча мыйзам долбооруна Жанар Акаев кошулуп, 6 депутат каршы болгон. Чубак ажы Жалилов алардын мусулманчылык жөрөлгөлөрүнө катышпай турганын айтып чыккан болчу.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM