Биз менен байланышыңыз

Чубак ажы: Парламентте көбүрөөк сабатсыздар, байлар отурат

Пикирлер | 3 Окт 2018 | 1429 | 0

Бүгүнкү парламентте көбүрөөк сабатсыздар, байлар отурат. Мындай пикирин мурдагы муфтий, дин аалымы Чубак ажы Жалилов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, парламент баш ийген, өз көз карашын билдире бербеген бийлик болуп калган. Андыктан «ушул депутат кызмат кылып жатат» деп так айтуу кыйын. Парламентте мамлекеттик кызыкчылыктар акыркы орунда калып калганы ачык-айкын.

«Депутаттар кайым айтышып өч алып, кызыкчылык үчүн ыңгайына жараша жооп беришет.  Биз үмүт менен ак кызмат кылса экен деп бата бергенбиз. «Куру аякка бата жүрбөйт» деп батаны тыйынга байлоо туура эмес. Эсептешип кетсек мамиле токтоп калмак. Менин парламентте жүргөн досторум бар. Алар менен коопсуздук маселелери, мыйзамдар жөнүндө сүйлөшүп, мококтуктары тууралуу ачык пикиримди айтам», — дейт Жалилов.

Ал алгач парламентке барууга көңүлү болгонун, бирок башка партиялар дагы диний ишмерлерди катарына кошо баштаганын байкаганда мындай оюнан баш тартканын билдирди.

«Башка партиялар да диний адамдарды издеп жатканын байкадым. Мындан улам саясатта чаң-тополоң чыгаруудан баш тарттым. Молдокелер саясий жактан бышып жетилген же Ханафий мазхабында болгондо парламентке барып иштешсек болмок. Бирок андай болгон жок. Башка агымдардын диний ишмерлери да бар эле», — дейт Жалилов.

Ал Кыргызстанда диний сабаттулук жолго коюла электигин кошумчалады.

«Өз каалоосун дин деп айтып алган учур өтө кооптуу. Ошондуктан саясаттан баш тарттым. Өзүмдүн көз караштарымды  билдирип тургандыктан, сырттан караган адамга саясатка аралашып кеткендей сезилем», — дейт мурдагы муфтий.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM