Биз менен байланышыңыз

Чубак ажы: Кайрадан муфтий болсом, кадрларды жаңыламакмын

Пикирлер | 3 Окт 2018 | 1225 | 0

Мурдагы муфтий, дин аалымы Чубак ажы Жалилов кайрадан муфтий болуп келсе, кадрларды жаңылай тургандыгын айтты. «Марал» радиосуна берген маегинде азыр муфтияттагы кызматкерлер муфтийге жардамчы гана болушат. Алардын функционалдык милдеттери жок. Муфтий бир жамааттын кыбыласы болбой, баарына тең карашы зарыл экенин белгиледи.

Чубак ажы Жалилов эгер кайрадан муфтий болуп калса ,бул мекемедеги ар бир кызматкерге милдет, жоопкерчилик берип, бардык жамаатка тең карай турганын айтты.

«Муфтияттын ортосундагы кызматташтыкты жөнгө салмакмын. Мамлекетке кандай жардам бере алам деп жеңилин жерден алмакмын. Адам кызматта турганда көп нерсени баамдай албай калат. Кызматтан кеткенде кемчиликтерди анализдейт. Студенттик партадан эле муфтийликке келип калдым. Жаштык кылсам да ажыларды Меккеге Бишкектен түз учуруу сыяктуу көп иштер жасалып, реформалар ишке ашты. Ажылыкта болуп жаткан коррупцияга каршы 3 бөгөт коюлган эле. «Чоң акырдан жем жегендердин азыгы» түгөнгөндө нааразычылыктар болду», — дейт Жалилов.

Ал белгилегендей, өлкөдө авторитаризм мааниге ээ. Эч ким элдин эсинде жаңжалчы катары калгысы келбейт.

«Биз бүт кадыр барктуулукка өтүп кетебиз. Пикир айтылса эске алынат. Бирок пикирдин айтылуусу кыйын. Диний талаштар көчөгө чыгуусу туура эмес. Бирок Атамбаев «Чубак ажы ар кандай сүйлөп коёт» деген. Бизде мындай иштер болуп турат. Бул-саясаттын маңызы. Пикирлердин ачык айтыла бербегени да жакшы. Элдин оюн төрткө бөлгөн да туура эмес», — дейт мурдагы муфтий.

Белгилей кетсек, Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын муфтийи болуп турган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM