Connect with us

Атамбаев: Бишкек ЖЭБи арзан баада жаңыланган

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 1353 | 0

Экс-президент Алмазбек Атамбаев Бишкек жылуулук электр борборун реконструкциялоо боюнча билдирүү жасады. Ал анда шаарды кыйроодон сактап калгандар бүгүн камакта отурушарын айтты.

Ошондой эле ал Бишкек ЖЭБди реконструкциялоонун наркы Борбор Азиядагы эң төмөнкү нарк болгонун белгилейт.

Кыргызстан ЖЭБди 1 мВТ кубаттуулук үчүн эң төмөнкү 1,28 млн долларга реконструкциялаган. Ошондуктан Сапар Исаковду, Жантөрө Сатыбалдиевди, Осмонбек Артыкбаевди, Айбек Калиевди жана Салайдин Авазовду реконструкциялоонун наркын жогорулаткан деп  айыптоо негизсиз экенин кошумчалайт.

ЖЭБди реконструкциялоо туурасындагы келишимден химцехтин «уурдалып» кеткени жөнүндөгү калптын чоо жайы да өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. 2014-жылы ЖЭБдин мурдакы жетекчилиги өзү жаңы химцехти куруунун зарылчылыгы жок деп туруп алган. 17-жылдын июлунда, кыйроо болоордон жарым жыл мурда гана «Электр станциялары» ААКнын өкүлдөрү ТВЕАнын өкүлдөрү менен биргеликте химиялык суу тазалоо цехин куруу керектиги жөнүндө чечим кабыл алышкан. Мындайча айтканда, кадыресе шалакылык жана иштин көзүн билбегендик ачык көрүнүп турат” , — дейт Атамбаев.

Эске салсак, Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоону кытайлык ТВЕА компаниясы жүргүзгөн. Ага 386 миллион доллар насыя алынган. Быйыл кышында борбордо авария болуп, шаар тургундары бир жума жылуулуксуз калган. Бул окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Анын негизинде учурда бир катар мурдагы жетекчилер камакта отурат.

 

Copyright © 2017 Maral FM