Биз менен байланышыңыз

Отунбаева: Айтматов улуу инсан экенин сезбей жатабыз

Пикирлер | 3 Окт 2018 | 982 | 0

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов үчүн комплекс же маданият борбору курулушу керек эле. Биз Айтматов улуу инсан экенин сезбей жатабыз. Мындай пикирин экс-президент Роза Отунбаева “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, жазуучунун уулу Элдар Айтматовдо бир топ долбоорлор бар. Бирок аларды ишке ашырууга инвестиция жок.

Маалыматка ылайык, быйыл Айтматовдун туулган жери Шекер айылында жазуучунун эстелиги орнотулуп, коомдук борбор курулуп жатат.

«Айтматовду дүйнө коомчулугу сүйүп окуйт, анын айылын көрүүгө кызыккандар көп. Шекер айылы Мекке болуп кала тургандай чекке жетип турат. Айтматов балдар үчүн атайын чыгарма жазган эмес экен. Андыктан “Балалык” деген китебин дагы чыгарып, чыгармаларын жайылтышыбыз керек. Себеби Айтматовдун чыгармаларында жалпы адамзаттын баалуулуктары чагылдырылган», — дейт Отунбаева.

Ал белгилегендей, учурда креативдик индустрия абдан маанилүү. Андыктан Бишкек шаарын идея, ишмердүүлүк менен өзгөртүү зарыл.

Отунбаева буга кошумча адабият фестивалын өткөрүүнү пландап жатканын маалымдады.

«Фестивалда Айтматовдун чыгармаларын, жаңы чыккан китептерди таанытып, сүрөтчүлөрдүн эмгектери, спектаклдар болот. Бирок азыр ал үчүн инвестиция таппай жатам. Башка өлкөлөрдө мыдай иш-чаралар жумалап өтөт. Адабий фестивалдар биздин руханий баалуулукту көрсөтүүгө түрткү болмок», — дейт экс-президент.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM