Биз менен байланышыңыз

Jica агенттиги Жапонияда билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 777 | 0

Кыргызстандагы Жапон эл аралык кызматташтык агенттиги  JDS программасына документтерди топтоо жана толтуруу тууралуу кенеш берет.  Иш чара 3-4-5 октябрда, Президенттин алдындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын 3-кабаты, 312- бөлмөдө, саат 10:00 до жана 16:00 өтөт.

JDS программасы Жапониянын алдыңкы университеттеринде билим алууга мүмкүнчүлүк берет. Кандидаттар Кыргызстандын жараны,  жашы 40 ка чейин, кеминде 2 жыл мамлекеттик жана муниципалдык кызматта иш тажрыйбасы бар жана англис тилин билүүсү зарыл. Документтер 31- августтан 31-октябрга чейин кабыл алынат.

Аталган программа Кыргызстанда 2007-жылдан бери ишке ашып келет. Анын жылдык бюджети 308.000.000 йенди түзөт.

ТОлугураак маалымат алуу үчүн төмөнкү шилтемени басыңыз: http://jds-scholarship.org/

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM