Биз менен байланышыңыз

Абылгазиев жаратылыш байлыктарын пайдаланууда ачыктыкты талап кылды

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 1159 | 0

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жер казынасын пайдалануу маселеси боюнча кеңешме өткөрүп, бир жумалык мөөнөттө жаратылыш ресурстарын башкаруунун кардиналдуу жаңы механизмдерин иштеп чыгууну тапшырды.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетов маалымдагандай, бүгүнкү күндө мурда берилген лицензияларды инвентаризациялоо жүргүзүүлүүдө.

Ошондой эле мамлекеттик үлүштүк катыш тоо-кен тармагына өз капиталын салган инвесторлор үчүн кепилдик катары кызмат кылып, жергиликтүү калктын инвесторлор менен мамилесин турукташтырат.

Абылгазиев тоо-кен жана энергетикалык тамагында лицензиялоо тутуму ачык эмес бойдон калганын жана ал коррупциялык көрүнүштөрдүн тобокелдигин жаратып жатканын белгилейт.

Өкмөт башчы ошондой эле өлкөдөн чыгарылып жаткан баалуу металлдар камтылган сырьелорду пайдалуу кендердин мамлекеттик балансында милдеттүү түрдө каттоо аркылуу ага көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM