Биз менен байланышыңыз

2 миңге жакын аткаминер салык декларациясын өз убагында тапшырган эмес

Кыска кабар | 3 Окт 2018 | 1094 | 0

Мамлекеттик салык кызматы Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында тапшырбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин тизмесин жарыялады.

Мекеменин маалыматы боюнча, 1-октябрга карата 1 миң 754 аткаминер Бирдиктүү салык декларациясын өз убагында беришкен эмес.

Алардын катарында Президенттик аппараттын, өкмөттүн, Акыйкатчынын, Жогорку Кеңештин, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, Конституциялык палатанын, айыл өкмөттөрүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ошондой эле министрликтердин жана мекемелердин кызматкерлери бар.

Алсак, декларацияны эң көп жергиликтүү кеңештин депутаттары, айыл өкмөтү жана мэриялардын кызматкерлери кечигип тапшырган.

Андан соң ички иштер министрлиги нде– 470 кызматкер, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет – 86, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы – 63, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы – 38, Улуттук гвардия – 33, Жогорку сот – 32, МСК – 32, Мамлекеттик чек ара кызматы – 29, Мамлекеттик каттоо кызматы – 25, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги – 25, Тышкы иштер министрлиги – 24, Башкы прокуратура – 21, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги – 19, Жогорку Кеңеш – 18, Билим берүү жана илим министрлиги – 16 кызматкер бар.

Copyright © 2017 Maral FM