Биз менен байланышыңыз

Душанбе: Саммиттин алкагында кол коюлган документтер

Кыска кабар | 30 Сен 2018 | 637 | 0

КМШ Мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынынын соңунда уюмга мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата билдирүүсүнө кол коюлду.

Президенттин райсмий сайты кабарлагандай, саммиттин жыйынтыгында  менен төмөндөгү бир катар документтерге кол коюлду:

1948-жылдын 10-декабрындагы Адам укуктарынын жалпы декларациясы кабыл алынган күндөн бери 70 жылдыгына байланыштуу КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын билдирүүсү жөнүндө.

2021-жылы Тажикстанда «Шериктештиктин маданий борборлору» мамлекеттер аралык программасын ишке ашыруу жөнүндө.

2021-жылды КМШда архитектура жана шаар куруу жылы деп жарыялоо туурасында.

2019-2023-жылдары кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн биргелешкен чараларынын мамлекеттер аралык программасы жөнүндө.

-Маалыматтык технология чөйрөсүндөгү кылмыштуулукка каршы күрөшүүдө кызматташуусу туурасындагы макулдашуу жөнүндө.

-Коргоо министрлеринин кеңеши жөнүндө жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү туурасында.

— Антитеррордук борбор жөнүндөгү жобосуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү туурасында.

-Кадрдык дайындоолор жөнүндө:

— Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары туурасында билдирүүсү жөнүндө.

-Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына байланыштуу билдирүүсү жөнүндө.

-1941-1945-жылдагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого даярдык көрүү жөнүндө документтер.

Copyright © 2017 Maral FM