Биз менен байланышыңыз

Талиева: Өкмөттү кеминде 5 жыл иштетиш керек

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 657 | 0

Өкмөттүн иши көзгө көрүнбөгөн жумуш. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты Камила Талиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, башталган реформаларды аягына чыгаруу үчүн убакыт керек.

«Мен вице-премьер-министр болуп турганда реформа жасоого бир топ аракет кылдык. Бирок убакыт аз болуп калды. Буга кошумча, ошол учурда күн сайын митинг болуп турган. Ошондуктан өкмөттү кеминде 5 жыл иштетиш керек», — дейт Талиева.

Ал буга кошумча, эффективдүү иштеш үчүн өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосундагы байланышты тизгиндеген  рычаг, критерийлер керектигин белгиледи.

Кошумчалай кетсек, Талиева вице-премьер-министр болуп 2012-2014-жылдары иштеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM