Connect with us

Үмөталиева: ЕККУнун жыйынында жаңы көрүнүш сунуштадым

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 780 | 0

Варшавада өткөн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕКУУ) жыйынында оппозиция менен диалогго баруу сунушталды. Мындай пикирин жыйынга катышып келген “Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар” бирикмесинин төрайымы, укук коргоочу Токтайым Үмөталиева «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди. Ал өзүнүн сунушун  жаңы көрүнүш болду деп эсептейт жана Орто Азиядагы оппозициячылар тарабынан колдоого алынарына ишенет.

«Оппозиция менен бийликтин өкүлдөрү отуруп сүйлөшүп турушу зарыл. Тажикстанда жаман кырдаал болуп жатат. Эгер бир нерсе болсо Орто Азиядагы өнүгүүгө терс таасирин берет. Сыртта жүргөн опозиция бийликке келе албайт. Андыктан ички оппозицияга көңүл буруу зарыл. Эмне болсо да маселени диалог аркылуу чечүүнү сунуштадым», — дейт Үмөталиева.

Ал башка өлкөлөргө караганда Кыргызстанда адам укуктарынын корголушу жогору экенин, бирок коңшу өлкөлөрдөн Тажикстан менен Казакстандын укуктук талаасы күчтүү болгонун кошумчалады.

«Жыйында бейөкмөт уюмдар менен мамлекеттик мекемелердин ортосунда айырмачылыктар болду. Чоң карама-каршылык Орусия менен Украинанын ортосунда орун алды. Ал эми Түркмөнстанга катуу сындар болду», — дейт укук коргоочу.

Эске салсак, 10-сентябрда башталып 21-сентябрга чейин уланган жыйынга уюмга мүчө 60тай өлкөнүн расмий делегациялары, жарандык активисттер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM