Connect with us

Сооронкулова: Орун басары үчүн Исакунова дагы жооп бериши керек

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 920 | 0

Зууракан Каденованын чырын иликтөө зарыл. Ал ичкилик ичпегенин айтып жатат. Ал эми коомчулук башында Каденованы жаман көрүп жатса, азыр экиге бөлүнүн калды. Мындай пикирин Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Каденованын ишине укуктук баа берилиши керек.

«Мыйзам жагынан алсак, министр орун басарын өзү сунуштайт. Демек Каденовага Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова жооп бериши керек. Бирок иш жүзүнө келгенде андай болбойт. Каденованын функционалдык милдети укуктук-нормативдик актыларды иштеп чыгуу экен. Анын юридикалык билими жок болсо кандай иштейт? Ошондуктан министрлердин орун басарларына квалификациялык талап болушу керек», — дейт Сооронкулова.

Ал Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин 4 орун басарынын экөө адистигине эч кандай байланыш жок иштеп жатканын сынга алды. Буга катар Зууракан Каденова мурда Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп, ал жерден да түшүнбөстүктөр жаралып, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине которулганын кошумчалады.

Эске салсак, 22-сентябрда Сеул шаарынын аэропортунда Каденованын учакка мас болуп кирип чыр салганын алгач Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган. Ушул эле күнү Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчилиги бул окуяны тастыктады. Көп өтпөй өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Зууракан Каденованы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары кызматынан алуу боюнча буйрукка кол койгон.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM