Биз менен байланышыңыз

Осмоналиев: Мектептер айрым директорлор үчүн бизнес болуп калган

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 609 | 0

Билим берүү жана илим министрлиги директорлорго эч кандай таасир эте албайт. Мындай пикирин физика, математика илимдеринин доктору, профессор Каныбек Осмоналиев “Марал” радиосунда өткөн тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, мектептер айрым директорлор үчүн бизнес болуп калган. Эч кимди көзгө илбеген жетекчилер да бар. Мындан улам билим берүү кодексин иштеп чыгуу зарыл.

«Мектепке чейинки билим берүү, жалпы базалык билим, илим боюнча мыйзам бар. Бирок жалпы билим берүү кодекси жок. Ротацияны жамынып алып өч алуу башталгандай. Айылда «ханчиктер» пайда болуптур. Алсак, Базар-Коргон районундагы мектептердин биринде иштеген физика мугалими Айгүл Тургунбаева жумушсуз калган. Болбосо жолдошу майып. Азыр физика менен матерматика сабагы “геноцид” болуп жатат. Мунун баарына министр керт башы менен жооп бере тургандай кылуу зарыл», — дейт Осмоналиев.

Ал буга кошумча, министрлер кызыкчылыгы болбосо же ишти аткарууну каалабаса мыйзамды токтотуп коёрун айтып, сынга алды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM