Биз менен байланышыңыз

Жусупбекова: Билим сапатын баалоо борбору министрликтен бөлүнөт

Кыска кабар , Пикирлер | 28 Сен 2018 | 710 | 0

Окуучулардын билим сапатын текшерүүчү баалоо борборун Билим берүү жана илим министрлигинен бөлүү каралууда. Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова  “Марал” радиосунда өткөн тегерек столдо билдирди.

Анын айтымында, баалоо борбору мамлекеттик орган болбойт. Ал материалдык жаткан да, саясий жактан да көз карандысыз болот.

«Борборго күчтүү адистер кирет. Алар биздин министрликтин кызматкерлери эмес, ар кайсы түзүмдүн адистери. Кадр маселеси чечилген. Эксперттер атайын окутуудан өтүштү», — дейт Жусупбекова.

Ал белгилегендей, билим берүү системасында олуттуу реформалар жүрүп жатат. Бирок башкаруу жаңы системага алынып келинбесе, жасалган реформалар натыйжалуу болбойт.

Маалыматка ылайык, директорлор Билим берүү министрлигинин райондук башкармалыктары тарабынан мөөнөтсүз келишим менен жумушка алынат. Мектеп жетекчилерин баалоо системасы аккредитацияда каралган. Ал эми аккредитацияны аталган министрлик өткөрөт.

«Мектептерди аккредитациядан өткөрүүнүн арты менен директорлор тууралуу биринчи жолу так маалымат алына баштады. Биз мыйзамга ылайык иштешибиз үчүн жардам керек болуп жатат. Тажрыйбалуу ишмерлер жардам берсе», — дейт Жусупбекова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM