Биз менен байланышыңыз

Электр энергияга болгон баалар көтөрүлбөйт

Кыска кабар | 21 Сен 2018 | 750 | 0

Быйыл электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт. Өкмөт азыркы учурда 2019-2023-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү тариф саясаты иштелип жатканын кабарлады. Бүгүнкү күндө өкмөт кышка толугу менен даярдык көрүүдө. Ага ылайык, Бишкек ЖЭБдин жаӊы химиялык цехтин курулушу жана көмүр жеткирүү аракеттери кызуу жүрүп жатканы белгилүү болду.

Жогорку Кеӊеште КСДП фракциясы экономика тармактарын жана калкты 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө маселе каралды. Жыйынга өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Өнөр жай жана энергетика комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдун маалыматында, ушу тапта күз-кыш айларына даярдык алдынала бекитилген графикке ылайык жүрүүдө.

Азыркы учурда өлкө аймагында 630 отун базасы иштеп жатат, ал өткөн жылга караганда 37 бирдикке көп. Бишкек ЖЭБге 230 миӊ тонна көмүр жеткирилди. Ал эми 17-сентябрга карата бюджеттик мекемелер 63 миӊ тонна көмүр менен камсыз болуп, калктын керектөөсүнө 266 миӊ тонна көмүр берилди.

Ал эми Улуттук энергохолдингжин башчысы Азамат Абдыкадыров быйыл суу жакшы болгонун айтып, 1-октябрга карата Токтогул суу сактагычында 19,4 млрд куб суу топтоло турганын билдирди. Ошону менен бирге электр энегиясы өчүрүү болбой турганын убадала.

-Январь-август айларынын аралыгында пландуу ремонт иштерине баш-аягы 412 млн сом өлчөмүндө каражат жумшалды. Жылдын биринчи жарымында негизинен сатып алуулар жүрдү, эми жылдын аягына чейин калган каражат толугу менен оӊдоо жумуштарына жумшалат. Бишкек ЖЭБдин жаӊы химиялык цехтин курулушу айдын аягына чейин бүткөрүлүп, буюрса, 1-октябрдан тарта ишке кирет деп турабыз.

Ошондой эле Азамат Абдыкадыров өлкөнүн энергетикалык тармагын Өнөр жай жана энергетика комитетинин курамынан бөлүп чыгып, өзалдынча министрликке айлантуу зарылдыгын белгиледи.

-Ал эми Улуттук энергохолдингди жоюунун зарылгы жок, ал чарбалык башкаруу түзүмү катары кала бергени туура болот. Энергетика тармагы боюнча даярдалган талдоо материалын парламенттин тармактык комитетинин кароосуна киргизүүгө даярбыз.

Белгилей кетсек, буга чейин эле бир катар депутаттар энергетика тармагын Өнөр жай жана энергетика комитетинин курамынан бөлүп чыгып, кайрадан өзалдынча министрликке айлантуу демилгесин байма-бай көтөрүп келишкен.

Андан тышкары, быйыл электр энергиясынын тарифи көтөрүлбөйт. Азыркы учурда 2019-2023-жылдар аралыгындагы орто мөөнөттүү тариф саясаты иштелип чыгууда. Бул тууралуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин башчысы Таалайбек Нурбашев билдирди.

-Бишкек ЖЭБ аварияга байланыштуу жана ОЭКти оптималдаштыруу алкагында тарифтик саясатты кайра кароо чарасы кийинкиге калтырылды. Ал эми депутаттардын тоолуу аймактар үчүн 2000 кВт/саат жеӊилдетилген бааны белгилөө сунушу келерки жылы каралат.

Жыйындын жүрүшүндө өкмөт мүчөлөрүнө депутаттар тарабынан суроолор берилди. Фракция лидери Иса Өмүркулов аткаруу бийлигинин отчеттун сындап, энергетика тармагында адискөй эмес кызматкерлер иштеп жатат деди.

-Кышка даярдык боюнча баядамаңарда өзүңөрдүн функциялык укуктарыңарды билбей жатасыңар. Кадрдык жөндөмдүүлүктүн жактугунан энергетика тармагы өлүп жатат.

Талкуунун соңунда фракция өкмөттүн экономика тармактарын жана калкты 2018/2019-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндө отчеттун эске алуу менен кабыл алды.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM