Биз менен байланышыңыз

Арабаев: Эффективдүү иштеген чакан өкмөт керек

Коом , Кыска кабар | 20 Сен 2018 | 1262 | 0

Кыргызстанга эффективдүү иштеген чакан өкмөт керек. Ал үчүн облустук, райондук адмнистрациялардын жетекчилерине өз алдынча чечим кабыл алууга укук берүү зарыл. Мындай пикирин юридика илимдеринин доктору, профессор Чолпонкул Арабаев “Марал” радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, ыйгарым укуктарды баарын эске алып, таразалаган соң берген оң. Ошондой эле кызмат көрсөтүүлөрдүн барын мамлекеттик уюмдарга эмес жарандык коомго, өкмөттүк эмес уюмдарга өткөрүп берүү зарыл. Муну менен чыгымдарды азайтууга болот.

«Бардык тармак боюнча кадрлар жетиштүү. Болгону алар башкача жолдор менен келип жатат. Мындан улам элдин нааразычылыгы артууда. Анткени ууруну кармагандар өздөрү да ууру экенин, бирок сыртта жүргөнүн эл билип калды. Жогорку соттун судьяларына талап коюлгандай эле мамлекеттик кызматка келүүнү каалагандарга да талап коюш керек», — дейт Арабаев.

Ал ротация жасалып, кадрлар алдыга жылдырылбаса, өнүгүү болбой тургандыгын белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM