Биз менен байланышыңыз

«Белизгейт» боюнча Сегизбаевди жоопко тартуу талап кылынды

Саясат | 14 Сен 2018 | 991 | 0

«Ата Мекен» фракциясынын депутаттары 14-сентябрда жыйынга чогулуп, «Белизгейт» маселесин карашты. Белизден келди деген катта 3 саясатчынын «Мегаком» компаниясында 8 пайыздан үлүшү бар деген маалымат жазылганы айтылган. Мындан улам депутаттар жасалма документ менен жалган маалымат таратты деп УКМКнын мурунку төрагасы Абдил Сегизбаевди жоопко тартууну талап кылышты.

Отурумда Улуттук коопсуздук комитетинин Өздүк коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси Бакытбек Мүсүралиев аталган маселе боюнча учкай маалымат берип, Белиз өлкөсүнөн эч кандай документ келбегенин билдирди.

 2018-жылдын 16-майында Башкы прокуратура жиберген каттын негизинде УКМК «Мегаком» компаниясына тиешелүү акциялар боюнча Белиз мамлекетинен алынган трасттык документтердин мыйзамдуулугуна байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзгөн. Комиссия кызматтык иликтөө учурунда УКМКга тиешелүү бардык ыкчам башкармалыктар жана катчылык аркылуу маалымат алганда, 2016-жылдан тартып бүгүнкү күнгө чейин расмий түрдө «Мегакомго» таандык акциялар боюнча трасстык документтер Белизден УКМКга келип түшпөгөнү жана ал мекемеде расмий катталбаганы аныкталды. Иликтөөнүн материалдары 10-июлда түп нускада Башкы прокуратурага жиберилген.

Коомчулукта чуулгандуу иш катары «Белизгейт» жаңжалы 2016-жылы декабрда чыккан. Анда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Абдил Сегизбаев “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов жана Аида Салянова “Альфа Телекомдун” 50% акциясын сатууну көздөгөнүн, бул Борбордук Америкадагы Белиз өлкөсүнөн алынган документтер менен ырасталганын билдирген. Сегизбаев буга байланыштуу документтерди ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевге да көрсөткөн.

Эми айтылган маалыматтарды камтыган кат Кыргызстандын УКМКсына келип түшпөгөнү жана катталбаганы ачыкталып олтурат. Мындан улам «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов Абдил Сегизбаев «Белизгейт» боюнча парламентте айткан маалыматы туура эмес болуп чыкканын билдирип, бул үчүн ал жооп бериши керек деп эсептейт.

 УКМКнын мурунку башчысы Абдил Сегизбаев Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Аида Салянованын «Мегакомдо» үлүшү бар деген маалыматты парламентке келип айткан. Келерки шаршемби, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында анын маалыматы жалган болгонун, Белиз өлкөсүнөн эч кандай документ келбегенин айткыла. Муну эл билиши керек. Жыйынга баш прокурор өзү да келсин. Баяндаманы сиз жасаңыз. Фракция бүгүн ушундай чечим кабыл алдык. Ошондой эле, Сегизбаев жасалма документ менен жалган маалымат таратканы үчүн жоопкерчиликке тартылуусу керек.

Ошол кезде Атамбаевдин тапшырмасы менен Башкы Прокурор болуп турган Индира Жолдубаева тышкы иштер министрлиги аркылуу Белизге билдирүү жиберген. Билдирүүдө документтеги маалыматтар такталган. Ал жооп аталган министрликке келгенде башкы көзөмөл органына тапшырылган. Бирок документ ушул күнгө чейин эле жоголуп кеткенин Шыкмаматов белгиледи.

Мындан улам тышкы иштер министр Эрлан Абдылдаевден Белиз өлкөсүнөн эмне деген жооп келгенин депутаттар сурашты.

Белизге кайрылууну министрлик жиберген. Жоопту 2017-жылдын 16-октябрында элчилик аркылуу бизге келди. Бирок кат мөөрлөнгөндүктөн аны ачканга эч кандай укугубуз жок эле. Анткени Прокуратура кайрылгандыктан ошол жакка 23-октябрда жибергенбиз.

Убагында Алмазбек Атамбаев «Белизгейт» боюнча маалыматтар тастыкталбаса Сегизбаев жоопко тартыла турганын айтканы бар.

 Белизгейт менин кѳзѳмѳлүмдѳ. Эгер маалымат туура эмес болсо Абдил Сегизбаев жооп берет. Бирок, азырынча так же так эмес деп айта албайм. Ал убагында белгилүү болот.

Жыйынтыгында «Ата Мекен» фракциясы Белизгейт боюнча чечим кабыл алды. Ага ылайык, Абдил Сегизбаев жасалма документ менен жалган маалымат таратканы үчүн ага чара көрүү талап кылынды. Ошону менен бирге УКМК «Белизгейт» боюнча иликтөө тууралуу парламентте депутаттарга маалымат берүүсү айтылды.

 

Copyright © 2017 Maral FM